БОГОК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Ээктин алдындагы эттин көбүңкү тартып же салаңдап турган бөлүгү. Сеилкандын аппак богогу салаңдап, эткел тартып кыймылы жай (Сыдыкбеков). 2. Калкан бездеринин өсүп кетишинен алкымда пайда болгон оору. Бул безден пайда болуучу оорунун дагы бир түрү богок оорусу («Ден соолук»). Керимахундун бужугур кара сакалынын алдындагы богогу ыксыз балкылдады (Жантөшев). 3. Эгиндин баш алууга жакындаганда сабагынын учунда пайда болгон дан байлоочу бөлүгү. Буудай тегиз богок байлап калган кез эле (Абдумомунов).